• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токмокто жергиликтүү кеңештин депутаты бычактан жараат алып каза болду

Коом 0

Бишкек. 18.03.19 /Кабар/. Токмок шаарында болгон жаңжалдан улам жергиликтүү кеңештин депутаты бычактан жараат алып каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, каза болгон адам – 29 жаштагы Чүй айылдык кеңешинин депутаты.

17-мартта Токмокто массалык мушташ болгон, анын кесепетинен бир киши каза болуп, экинчиси жаракаты менен ооруканага түшкөн.

Кылмышка шектүү катары Токмоктун 24 жаштагы тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Бардык тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий