• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Токмокто жол кырсыгынан эки адам каза болду

Кырсык 0

Бишкек, 04.10.21. /Кабар/. Токмокто 2-октябрдан 3-октябрга караган түнү болжол менен 11:30дар чамасында Гагарин жана Совет көчөлөрүнүн кесилишинен «Тойота Раф 4» жана «Мазда» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Чүй облустук милициясынын ЖКККБнын басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктын кесепетинен «Тойота Раф 4» унаасындагы жигит менен кыз каза болуп, жалпы 7 киши жабыркаган.

Азыркы учурда кырсыктын себебин аныктоо үчүн экспертиза дайындалды. Териштирүү жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий