• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токмокто жол жээгиндеги май куюучу жер күйүп, бир адам жабыркады

Кырсык 0


Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Токмок шаарынын Ленин көчөсүндө жалпы аянты 68 чарчы метр бастырма жана гараж толугу менен күйгөн, ошондой эле май куюучу 10 челек күйгөн.

Өрттүн кесепетинен 53 жаштагы Ж.Т. аттуу эркек киши колунан жана бетинен жеңил күйүк алып, ооруканага жеткирилген. Абалы туруктуу.

Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 10 бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий