• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токмоктогу 216 орундуу оорукананын оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлдү

Аймак 0

Бишкек, 30.09.20. /Кабар/. Токмок шаарындагы коронавирус жуктуруп алган жарандарды дарылай турган 216 орундуу оорукананын оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлдү.

Оорукананы оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын июль айында башталган. Медициналык мекеменин сметалык баасы 63 миллион сомдон ашык болгон.

Подряддык уюм тарабынан имараттын эски чатыры менен электртутумдары алмаштырылып, ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүргүзүлдү. Жаңы эшик, терезелер менен ички тосмолор орнотулуп, желдетүү, жылытуу системалары жана өрт өчүрүүчү сигнализациясы жаңыртылды. Андан сырткары ички жана сырткы суу түтүктөрү менен канализациясы жасалып, саркынды сууларды чогултуучу жай жана сантехникалык жабдуулар орнотулду.

Пикир

Оставить комментарий