• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Токмоктогу 38,8 млн сомдук көлмө Балык чарба департаментине кайтарылды

Аймак 0

Бишкек, 27.09.22. /Кабар/. Токмоктогу 38,8 млн сомдук көлмө Балык чарба департаментине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, КР Мергенчилер жана балыкчылар бирикмеси «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Токмок-Чүй филиалы тарабынан 2001-жылда берилип, бирок мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте катталбаган жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актынын негизинде 7,76 га жер аянттына (көлмө) мыйзамсыз ээлик кылып келгендиги аныкталган.

Натыйжада, Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментине жогорудагы жер аянтына укук күбөлөндүрүүчү документтерин алуу менен мыйзам бузууларды четтетүү жөнүндө прокурордук талап келтирилген.

Прокурордук актыны кароонун жыйынтыгы менен жогорудагы 38 млн 800 миң сомдук 7,76 га жер аянты жеке чарба жүргүзүүчү субъектинин мыйзамсыз ээлигинен Балык чарба департаментинин карамагына кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий