• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токмоктогу атышуу: 10 милиция кызматкери жазаланды

Коом 0

Бишкек, 20.02.19. /Кабар/. Токмоктогу атышууга байланыштуу окуя боюнча 10 милиция кызматкери жазаланды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине Бишкектин Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Токмок боюнча ички иштер бөлүмүнүн (ИИБ) кызматкерине катуу сөгүш, Токмоктун ИИБсинин жетекчилиги - жетекчиси, анын орун басары сөгүш, милициянын шаардык бөлүмүнүн жетекчиси, криминалдык милиция кызматынын жетекчиси эскертүү алган. Ошондой эле Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын эки кызматкерине тартиптик жаза берилген.

Эскерте кетсек, мындан мурдараак массалык маалымат каражаттарында Токмокко жакын жерде атышуу болгону тууралуу маалымат чыккан. Аныкталган күбөлөр бул окуяга катыштыгы бар экенин моюнуна алышкан эмес. Бирок, бир нече күндөн кийин социалдык тармактарда видео чыгып, анда Аскат Үсөнов аттуу жаран депутат Урмат Самаевдин кишилери ага ок атканын айткан.

Андан кийин, милицияга окуянын дагы бир күбөсү – Дастан Бейшенкулов аттуу ок тийип ооруканада жатканы жөнүндө маалымат түшүп, ал милицияга арыз жазган. Ал, ага Аскат менен бирге башка адамдар кол салганын билдирген. Учурда окуянын эки катышуучусу тергөө абагында жатышат.

Пикир

Оставить комментарий