• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токмоктогу атышуу боюнча шектүү жаранга издөө жарыяланды

Укук тартиби 0

Бишкек, 29.01.19. /Кабар/. Чүй облусунун Токмок шаарында болгон ок атышуунун катышуучуларынын бирине издөө жарыяланды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов Бишкектеги маалымат жыйынында кабарлады.

Анын айтуусунда, ЖМК булактарында кеңири тарап кеткен Токмоктогу чуулгандуу окуя "бейбаштык" беренеси менен Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

“Биз ЖМК материалдарында аталган адамдардын баардыгынан сурак алдык. Алардын ичинде болду делген Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Самаев Токмок шаарынын Ички иштер башкы башкармалыгына чакырылган. Суралгандар эч кандай маалымат беришкен жок. Жекшемби күнү видео-тасма пайда болгон, анда Аскат аттуу эркек киши депутат Урмат Самаевдин кишилери ага карата ок чыгаргандыгы айтылат”, - деп билдирет Курманкулов.

Ал кошумчалагандай, ошол Аскат кийинчерээк денесиндеги жаракаттары тууралуу да көрсөткөн видео тараган. Кийинчерээк ал денесиндеги көктөр жүктөрдү ташуудан пайда болгондугун кабарлаган.

“Биз кайра бир нече адамдарды суракка чакырдык, бирок алар келишкен жок. Ошого байланыштуу биз алардын үйлөрүн текшерүү уюштуруп, бирок тыюу салынган эч кандай нерселерди тапкан жокбуз. Кийин ал адам КРнын президентине кайрылуу жасап, тергөөнүн адилеттүү жүрүшүнө көңүл бурууну өтүнгөн”, - дейт ал.

Курманкулов кошумчалагандай, милиция кызматына бүгүн саат 01:00дө Дастан Бейшенкулов ооруканага ок атуудан алган жараттары менен түштү деген маалымат келип түшүп, милицияга арыз жазган. Ал арызында ага Аскат жана башка адамдар кол салгандыгы тууралуу айткан. Ошол себептен аталган кылмышка шектүү делген Аскат деген адамдарга издөө жарыяланган.

"Эгерде Аскат бизге келип арыз жазса, анда биз Дастанды кармап, убактылуу кармоочу жайына киргизебиз", - деп билдирди Курманкулов.

Пикир

Оставить комментарий