• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Токмоктогу үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болгон 12 жаштагы кыз Бишкектен табылды

Коом 0

Бишкек, 29.11.21. /Кабар/. Токмоктогу үйүнөн чыккан боюнча дайынсыз болгон кыз Бишкектен табылды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы билдирет.

Милицияга 2009-жылы туулган Б.С. аттуу кыз 2021-жылдын 28-ноябрында кечки саат 21:00 чамасында Токмок шаарынын Амбулаторная көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринен чыккан боюнча дайынсыз деген маалымат түшкөн.

Аталган маалымат боюнча өздүк курамга багыттама берилип, адашкан кыз кайгуул кызматкерлери тарабынан Бишкектеги Осмонкул көчөсүнөн табылган.

"Өспүрүм кыз аман-эсен ата-энесине өткөрүп берилди. Кыздын жакындары кайгуул кызматкерлерине ыраазычылык билдиришти", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий