• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Токмоктогу Куран жарышында 50дөн ашуун катышуучу ат салышты

Аймак 0

Бишкек, 27.02.18 /Кабар/. Чүй облусунун мусулмандар казыятынын уюштуруусу менен Чүй облусуна караштуу Токмок шаарында жайгашкан «Достук» мечитинде VIII Республикалык Куран жарышы өткөрүлдү. Куран жарышына Чүй облусунун аймагында жайгашкан диний окуу жайлардын студенттери ат салышып, аталган жарыш Куранды толугу менен жаттагандар, 20 пара, 10 пара жаттагандар жана Курани Каримди көркөм окуу боюнча уюштурулду. Жарышка 8 жаштан 25 жашка чейинки балдар катышып, жалпысынан 50дөн ашуун жаш каарылар өз күчтөрүн сынашты. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

VIII Республикалык Куран жарышынын ачылыш аземинде Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов, казыяттын иш башкармасы Кубан ажы Бекешовдор сөз сүйлөшүп, жаш каарыкелерди Курани Каримди жаттоо менен ага амал кылып, Куран көтөрүп жүргөн канчалык чоң сыймык экендигин эскертишти.

«Бул конкурсту жетектеп, калыс катары көптөгөн каарыкелерибиздин мугалими, биз сыйлаган Анарбай каары Орунбай уулу болду. Ошону менен бирге Курбанбеков Асомудин каары жана Исмаилов Хамза каарылар да катышуучуларды баалап, калыс болуп беришти»,-деди уюштуруучу топтун өкүлдөрү.

Ал эми Куран жарышынын жеңүүчүлөрү VIII Республикалык Куран жарышын жолдомого алуу менен бирге Чүй облусунун мусулмандар казыяты тарабынан даярдалган белектер менен сыйланышты.

Пикир

Оставить комментарий