• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токмоктогу психоневрологиялык мекемеде жаңы имараттын ачылышы болду

Коом 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесинде жаңы имараттын ачылышы болду. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, 70 орундуу жатакананын имараты Кувейттин "Ас-Сафа борбору" кайрымдуулук фонду тарабынан курулуп, эмерек менен жабдылган. Ошондой эле, Фонд 2018-жылы 50 орундуу заманбап турак жай имаратын куруп берген.

Статс-катчы Каныбек Адиев Кувейт фондунун өкүлдөрүнө көрсөткөн жардамы үчүн терең ыраазычылык билдирип, министрликтин Ардак грамоталарын тапшырды.

Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекеме - туруктуу камкордукка, үй-бүлөлүк жана медициналык кызматтарга муктаж болгон майыптыгы бар адамдар туруктуу жашоосу үчүн жалпы медициналык-социалдык мекеме болуп саналат.

Бүгүнкү күндө мекемеде 207 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам жашайт.

Пикир

Оставить комментарий