• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токмоктогу Республикалык маданият колледжине Насыр Давлесовдун ысымы ыйгарылды

Маданият 0

Бишкек, 06.11.20. /Кабар/. Токмок шаарында жайгашкан Республикалык маданият колледжине кыргыз профессионалдык музыкасынын корифейи, чыгаан дирижер, таланттуу композитор жана педагог Насыр Давлесовдун ысымы ыйгарылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылаык, аталган иш-чарага маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев, композиторлор союзунун төрагасы Турдубек Чокиев, маданияттын өкүлдөрү жана Давлесовдун жубайы жана туугандары катышты.

Иш-чаранын алкагында окуу жайда композитордун өмүр-таржымалын, ишмердүүлүгүн, чыгармачылыгын чагылдырган музей ачылды.

Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн министрдин орун басары К.Иманалиев окуу жайга Н.Давлесовдун ысымы өкмөттүн чечиминин негизинде коюлуп жаткандыгын, азыркы учурдагы окуу жайларга жана башка маданий мекемелерге ысым ыйгаруудагы туура чечим болгондугун баса белгилеп, окуу жайдын жаңы статуска ээ болуп жаткандыгы мындан аркы анын ишмердүүлүгүндө дагы демөөр, стимул берерине ишеним артарын билдирди.

Салтанаттуу иш-чаранын расмий бөлүгүнөн кийин окуу жайы тарабынан улуу композитор Н. Давлесовдун чыгармаларынан турган концерттик программа тартууланды.

Пикир

Оставить комментарий