• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токмоктогу убактылуу кармоочу жайынан үч өспүрүм качып кетти

Кырсык 0

Бишкек, 01.05.18. /Кабар/. Чүй облусунун Токмок шаарындагы убактылуу кармоочу жайынан үч адам качып кеткен. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР ИИМдин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, качып кеткендердин үчөө тең өспүрүмдөр болгон.

“Бирөө адам өлтүргөндүгү, экинчиси – унаа уурдагандыгы, үчүнчүсү – уурулук үчүн кармалышкан”,-деп билдиришти милициядан.

ИИМден маалымдашкандай, шектүүлөр бүгүн эртең менен качып кетишкен.

Бишкек шаары менен Чүй облусунда "Сирена" планы жарыяланган.


Пикир

Оставить комментарий