• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токмоктогу жапырт уулануунун себеби аныкталды

Коом 0

Бишкек, 10.07.19. /Кабар/. Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Токмоктогу жапырт уулануунун себептерин аныктады.

Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлагандай, дарыгерлерге 174 киши кайрылган, алардын ичинен 78и ооруканага жаткырылган. Учурда 10 киши дарыланып жатат.

Лабораториялык анализдердин жыйынтыгы менен ууланууга сальмонеллез инфекциясы себеп болгону аныкталган.

«Мегаполис» рестораны Токмок санэпидемстанциясы тарабынан кемчиликтерди жойгонго чейин убактылуу жабылды.

Уулануу 29-июнда үлпөт той учурунда болгон. Салтанатка Токмок, Бишкек, Кочкор жана Ысык-Көлдөн 256 киши чакырылган.

Пикир

Оставить комментарий