• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Токмоктогу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн эски имараты: Быйыл оңдоо иштери жүргүзүлөт

Коом 0

Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Токмок аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүндө быйыл оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине оорукананын директору Бактыгүл Исаева билдирди.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда бир оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн эски имаратынын сүрөтү тараган. Белгилүү болгондой ал Токмок аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмү экен.

Оорукананын директору Бактыгүл Исаеванын айтымында, чынында эле ал бөлүмдүн имараты эскирип, оңдоо иштерин жүргүзүү керек.

“Имарат 1935-55-жылдары курулган. Биз тараптан оңдоо иштерин жүргүзүү боюнча бир нече ирет кайрылуу болгон. Борбордук канализация тартылган эмес. Колдон келишинче оңдоо иштерин жүргүзүп турдук”, - дейт Исаева.

Анын айтымында, эл аралык донорлор жугуштуу оорулар бөлүмүн оңдоого кызыгуусун билдирип, бирок аны көргөндөн кийин жаңы имарат салыш керек деп баш тартышкан.

“Бул жылы Саламаттык сактоо министрлиги жана Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан оңдоло турган объекттердин катарына кирдик. Капиталдык оңдоо иштери август айында башталат деп күтүп жатабыз”, - дейт ал.

Ал белгилегендей, жугуштуу оорулар бөлүмүндө 30 орун жана кургак учук менен ооругандар үчүн өзүнчө 15 орун бар.

“Мындан мурдараак кургак учук бөлүмү жабык болчу. Азыр зарылчылыктан улам ачып жатабыз. Оңдоо иштери жасалбаганы менен бадык шарттары бар. Изолятор, бокс, өзүнчө чыга турган эшиктери, дааратканасы бар”, - дейт ал.

Учурда Токмок аймактык ооруканасында 111 киши дарыланып жатат: 7 адам коронавирустан, калганы пневмониядан.

“Ар бейтаптын абалдары ар кандай. Дары-дармектер толук бар. Бейтаптарга сатып алыштын зарылчылыгы жок. Кычкылтек концентраторлору да жетиштүү. Жугуштуу оорулар бөлүмүнө баллондор орнотулуп, кычкылтек тартылды”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий