• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токмоктогу зоопарктан жолборс качтыбы? – Милициянын жообу

Коом 0


Бишкек, 12.02.19. /Кабар/. Учурда WhatsApp тиркемеси аркылуу интернет колдонуучулары арасында активдүү түрдө видео тарап, анда жеке зоопарктан жолборс качып кеткендиги айтылат.

Текстте видео 11-февраль күнү Токмоктун аймагында чек арага жакын жерде тартылгандыгы жазылган.

“Болжол менен Токмоктогу жеке зоопарктан качып кеткен. Сак болгула, айланма жолдон токтобогула”, - деп айтылат текстте.

Ал эми Чүй облустук милиция кызматынан “Кабар” агенттигине билдиргендей, бул видео Россияда жарыяланган. “Токмокко келген жеке зоопарк 3 күн мурун эле кеткен”, - деп маалымдашкан.

Пикир

Оставить комментарий