• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токмоктун айрым тургундары өз билемдик менен балык чарабаларын куруп алышкан

Коом 0

Бишкек, 24.01.18. /Кабар/. Токмок шаарынын айрым тургундары дренаждык курумдардан өтүүчү сууну менчик жер тилкелерине буруп, өз билемдик менен балык чарабаларын куруп алышкан. Бул тууралуу экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык,Токмок шаарынын О. Дунларова, С.Динамо аттуу тургундары Токмоктун токой чарбасынан туристик эс алуучу жай багытында ижарага алган жерге, балык чарбасын куруп алышкан. Аталган жарандар балык кармоочу жайдын тегерек четин тосуп, суу өтүүчү коллектордун нугун буруп алышкан. Натыйжада жер астынан чыккан суу коллектор менен кетпей калып, суу шаардын ичин каптаган. Мамэкотехинспекциянын инспекторлору эс алуу жайына багытталган жерди балык чарбачылыгына айлантып алган О. Дунларов менен С. Динамо аттуу жарандарга эскертүү берилди.

Ошондой эле, жер тилкелерин ижарага берип жаткан Токмок шаарынын токой чарбасынын адистерине, берилген жердин максаттуу пайдаланылбай жаткандыгына байланыштуу көрсөтмө берилди. Себеби, аталган шаарда жер алдынан суулардын чыгуу маселеси бир топ жылдан бери олуттуу көйгөй жаратып келет. Буга байланыштуу жер алдынан чыгып жаткан сууларды шаардын сыртына чыгарып туруучу атайын дренаждарды жыл сайын тазалап туруу зарыл. Тазалоо иштерин жана дренаждык коллекторду көзөмөлдөөнү Токмок шаарыны мэриясы жүргүзүүсү шарт. Андыктан буга окшогон көрүнүштөрдү текшерүүгө алып көзөмөлдү күчөтүү боюнча жергиликтүү бийликтин милдетин күчтөндүрүү тапшырмасын Мамэкотехинспекция койду. Ошондой эле, Токмок шаарында жайгашкан балык чарба ээлери тарабынан коюлган талаптар берилген мөөнөттө аткарылбаса укук коргоо органдарына иштери өткөрүлүп, тийиштүү чаралар көрүлөт.

Пикир

Оставить комментарий