• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токмоктун тургуну өзү саткан жыгач устундарын издеп милицияга кайрылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Токмоктун тургуну өзү сатып ийген жыгач устундарын издеп милицияга кайрылган. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Токмок ШИИБине 37 жаштагы Т.Д. аттуу жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган, арызында ал 2022-жылдын 15-январынан 16-январына караган түнү үйүнүн короосунан жыгач устундарды уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган. Келтирилген зыяндын көлөмү аныкталууда.

Аталган факты Токмок ШИИБи тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 205 (Уурдоо) беренеси боюнча катталып, сотко чейинки териштирүүлөр башталган.

Токмок ШИИБнин кызматкерлери тарабынан зарыл болгон тергөө ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө, арыз ээсинин өзү Т.Д. жыгач устундарды алып чыгып, Токмок шаарынын базарында сатып, акчасын ичип түгөтүп, туугандарына билинип калбасын деп, уурулук фактысы боюнча милицияга арыз менен кайрылганы белгилүү болгон.

Пикир

Оставить комментарий