• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Токой чарба агенттигинин директору жана жардамчысынын пара менен кармалгандагы видеосу

Укук тартиби 0


Бишкек, 01.08.19. /Кабар/. 2019-жылдын 30-июлунда ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө 2 000 АКШ долларын алып жаткан учурда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору А.Р. жана анын жардамчысы А.И. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, А.Р. жана А.И. чет элдик жарандан Ысык-Көл токой чарбасында Ананьево айылындагы жер фондунан 5 га жер участогун берүүдө оң чечим чыгарып берүү үчүн пара талап кылган.

Кармалган адамдарды тинтүүдө ар биринде пара катары алынган 1 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акчалар табылган.

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси боюнча катталды.

Кармалган А.Р. жана А.И. УКМК убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий