• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токон Мамытов Акыйкатчылардын Евразиялык Альянсынын жыйынына катышты

Коом 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Кыргызстандын Акыйкатчысы Токон Мамытов 9-ноябрда Москвада болуп өткөн Омбудсмендердин Евразиялык Альянсынын жыйынына катышты. Бул тууралуу Акыйкатчынын институтунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыйынды Россиянын адам укуктарын коргоо боюнча ыйгарым өкүлү Татьяна Москалькова ачып, өзүнүн сөзүндө Альянстын бардык катышуучуларынын өз ара кызматашуусу жана ошол иштин маанилүү экендигин белгиледи.

Жыйындын жүрүшүндө Альянстын уставын, убактылуу катчылыгын, өкүлчүлүгүн жана электрондук сайтын түзүү талкууланган. Андан тышкары 2019-жылга карата иш-планды түзүү да талкууга алынган.

Жыйынга Кыргызстан, Казакстан, Россия, Армения, Иран, Түркмөнстан, Тажикстан, Монголия, Сербия, Грек Республикасы жана Босния өлкөлөрүнүн акыйкатчы институтунун өкүлдөрү катышкан.

Пикир

Оставить комментарий