• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Токон Мамытов Балдар омбудсменинин милдеттерин өзүнүн орун басарына ыйгарды

Коом 0

Бишкек, 19.06.19. /Кабар/. Акыйкатчы Токон Мамытов Балдар омбудсменинин милдеттерин өзүнүн орун басары Гүлнара Жамгырчиевага ыйгаруу тууралуу буйрукка кол койду. Бул тууралуу Акыйкатчынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Буйрукта акыркы учурда балдарга карата зомбулуктун жана балдар арасында кылмыштуулуктун өсүүсүн эске алуу менен, зомбулуктан жабыр тарткан балдарга ыкчам жардам көрсөтүү, билим берүү жана атайын мекемелериндеги балдарга, мугалимдерге, социалдык коргоо жана өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясынын кызматкерлерине укуктук жана уюштуруучулук жактан жардам көрсөтүү максатында КРнын Акыйкатчысынын орун басары Жамгырчиева Гүлнарага Балдар омбудсменинин милдеттери ыйгарылгандыгы айтылат.

Пикир

Оставить комментарий