• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Акыйкатчы Токон Мамытов Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушту

Коом 0

Бишкек, 11.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 11-октябрында «Укук кербени» долбоорунун алкагында акыйкатчы Токон Мамытов Балыкчы шаарынын тургундары менен жолугушту.

Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушууга Борбордук аппараттын кызматкерлеринин тобу, анын ичинде Акыйкатчынын Ысык-Көлдөгү өкүлчүлүгүнүн жетекчилиги, шаар мэри Аманат Сыдыков, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары жана жарандык сектордун өкүлдөрү катышты.

Токон Мамытов жолугушуунун жүрүшүндө «Укук кербени» долбоорунун максаттары менен милдеттерин түшүндүрүп, иш-чара 10-декабрь — Эл аралык адам укуктары күнүнө арналгандыгын айтты.

«Укук кербени» Европа Биримдигинин «Кыргыз Республикасында мыйзам үстөмдүгү, 2-баскыч» программасынын колдоосу менен ишке ашууда.

Иш-чара 4-октябрда башталып, учурда республиканын төрт облусунда ишке ашырылууда. Акыйкатчы мындан тышкары, Омбудсмен институтунун адам жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы иштери тууралуу кеңири айтып берди.

Өз кезегинде Балыкчы шаарынын жашоочулары акыйкатчыдан бир катар көйгөйлүү маселелерди чечүүдө көмөк сурашты, мисалы: калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу, жолдорду оңдоо, жер талаштарын жана маселелерди адилеттүү кароо, дарылоого байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү, Ысык-Көл облусундагы объектилер, Балыкчы шаарынын Тоң жана Ысык-Көл райондору менен чек араларын аныктоо, ошондой эле республиканын өкмөтүнө ипотекалык кредиттөөнүн жогорку пайыздык ченемдерине байланыштуу маселелерди кароо.

«Жолугушуу учурунда акыйкатчыга жөнөтүлгөн бардык жазуу жүзүндөгү арыздар жана кайрылуулар боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлөт, анын жыйынтыгы арыздануучуларга өз убагында кабарланат», - деп кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий