• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токон Мамытов БУУнун Качкындар боюнча башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 22.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 22-сентябрда КР Акыйкатчысынын кеңсесинде башкы укук коргоочу Токон Мамытов БУУнун Качкындар боюнча башкы комиссарынын башкармалыгынын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу КР Акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Борбор Азия боюнча өкүл Ханс Фридрих Шоддер, Казакстандагы мульти өлкөлүк офистин жарансыздык маселелери боюнча кеңешчиси Роман Мамин жана КРдагы улуттук офистин башчысы Асел Шаршеева катышты.

Тараптар качкындарга байланыштуу маселелерди жана Качкындардын статусу жөнүндө конвенциянын (1951) жоболорунун ишке ашыруу тууралуу пикир алмашышты. Кыргызстан 1997-жылдан тартып аталган Конвенциянын катышуучусу болуп саналат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Мамытов этникалык кыргыздарды документтештирүүдө келип чыгуучу көйгөйлөрдү баса белгиледи. "Атап айтканда, этникалык кыргыздардын туулгандыгы тууралуу документтеринде бир кезде башка улуттардын өкүлү катары жазылып калган. Ал эми алардын ата-энелери этникалык кыргыздар болуп саналат. КР президентинин 2021-жылдын 8-июлундагы Этникалык кыргыздардын жана кыргыз улутундагы жарандыгы жок адамдардын КР жарандыгын алуусунун жөнөкөйлөштүрүлгөн тартиби жөнүндө убактылуу жобо тууралуу жарлыгы чыккан. Бирок, ошого карабастан, этникалык кыргыздар тарыхый мекенине келип, жарандык алууда эле эмес, улуттук паспорт алууда да бир топ кыйынчылыктарга дуушар болушат", - деди ал.

Эске салсак, “Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө” КР мыйзамынын 2-беренесине ылайык, Акыйкатчы Кыргызстандын жарандарынын укуктарын кайсы жерде болгонуна карабастан жана КРда жүргөн чет өлкөлүктөрдүн жана жарандыгы жоктордун укуктарын коргойт.

Пикир

Оставить комментарий