• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Токтайым Үмөталиев: “ЖМКларга каршы учурдагы доо – биринчи эмес, бирок эмнегедир мурдагылар тууралуу эч ким үн катпайт”

Коом 0

Бишкек, 16-март /Кабар/. ЖМКларга карата учурдагы доо – биринчи болуп жаткан жок, эмнегедир мурдагылар тууралуу эч ким үн катпайт. Бул тууралуу бүгүн медиакоомчулуктун ачык диологунда коомдук ишмер Токтайым Үмөтөлиева билдирди.

Коомдук ишмер журналисттерди түндүк-түштүккө, кара жана акка бөлүнбөөгө чакырды. “Азыр өлкөдөгү кырдаал абдан кооптуу болуп турат. Бирок, толук жана так маалымат жок. Көпчүлүк учурда маалымат “жагат, жакпайт” принциби боюнча берилүүдө. Эмне үчүн башка саясатчылар журналисттерди сотко бергенде коомчулук унчуккан эмес? Ө.Текебаев, Ө.Бабанов жана башкалар жыйырма жолудан доо арыз беришкен. Эмне үчүн анда бары үн катышкан эмес, ал эми азыр ызы-чуу түшүп жатышкандары түшүнүксүз”,-деди Т.Үмөталиева.

Андан ары ал ар бир редактор журналист жазган маалыматты анализдеш керек деп белгиледи. “Болбосо сотко берүүлөр токтобойт. Рекдакторлор сиздер чыгарып жаткан маалыматтарыңыздар үчүн юридикалык жана кылмыш жоопкерчилигине тартыласыздар. Эң башкысы – ар бир маалымат факт менен ырасталышы керек”,-деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий