• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токтайым Үмөталиева президенттик шайлоого катышат

Саясат 0

Бишкек, 21-июль /Кабар/. Борбордук шайлоо комиссиясына президенттикке өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары Бейөкмөт уюмдардын жана өкмөттүк эмес мекемелер ассоциациясынын төрайымы-Токтайым Үмөталиева кайрылган.

21-июлга карата БШКнын маалыматына ылайык, 29 өзүн өзү көрсөткөн талапкерден арыз түшкөн: Н.Нышанов, Ө.Текебаев, А.Абдылдаев, Б.Дегенбаев, С.Султанидинов, К.Шаршекеева, Т.Масадыков, Ө.Бабанов, Р.Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, З.Муратбекова, С.Энназаров, С.Абдрахманов, М.Чолпонбаев, К.Чороев, А.Сартаев, К.Бешбаков, И.Трофимов, М.Жумабеков, У.Кочкоров, Н.Мамедов, Р. Жунусов, Шерикул уулу Мирлан, А.Бекназаров, С.Жапаров, Т.Үмөталиева.

5-талапкерди саясий партиялар көрсөткөн: Т.Сариев - «Ак-Шумкар»саясий партиясы, Б.Төрөбаев – «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясы, Турсунбек Акун –«Адам укугу» саясий партиясы, А.Мадумаров - «Бүтүн Кыргызстан» саясий партиясы, С.Жээнбеков-“Кыргызстандын социал-демократтар партиясы» саясий партиясы.

Кыргызстанда президенттик шайлоо ушул жылдын 15-окябрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий