• 84.45
  • 88.02
  • 1.37

Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата өткөн жумалык жыйынтыкталды

326 кароо Маданият 0

Бишкек, 20.11.22. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Токтоболот Абдумомуновдун 100 жылдыгына карата өтүп жаткан “Абдумомуновдун жумалыгы” жыйынтыкталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарада мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Султан Раев, маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу сөз сүйлөдү.

Анда Абдумомуновдун 100 жылдыгына арналган жумалык ийгиликтүү жыйынтыкталып жатканы белгиленип, анын кыргыз театр искусствосунун өнүгүшүнө кошкон салымы эскерилди.

Жумалыктын алкагында Токтоболот Абдумомуновдун элесине арналып чыгарылган "Кыргыз почтасынын" маркасына мөөр басуу салтанаты болуп өттү.

Жумалыктын алкагында "Карагул ботом" спектаклинин премьерасы болуп, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды.

Мындан сырткары, жумалыктын жабылышынын алкагында ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун баш катчысы Раев Султан бир катар өнөр ээлерине ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун сыйлыктарын тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий