• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Токтогул: 3 ирет соттолгон адамдын үйүнөн 101 килограмм баңгизаты табылды

Укук тартиби 0

Бишкек, 07.02.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Үч-Терек айылынан баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө шектүү катары 42 жаштагы С.А., кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, буга чейин аталган жаран баңгизаттарды мыйзамсыз сатып жүргөндүгү тууралуу ыкчам маалымат келип түшкөн.

“Шектүү өз көрсөтмөсүндө баңгизаттарды бекиткен үйдү көрсөтүп берген. Үйдү күбөлөрдүн катышуусунда кароо учурунда жалпы салмагы 101 килограмм 335 грамм болгон баңгизаты табылып, алынган. Алынган зат марихуана экендигин атайын экспертиза аныктады. Тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү бул баңгизатты Токтогул районунун аймагынан сатып өткөрүү максатында өзү чогулта тургандыгын айткан”, - деп айтылат маалыматта.

Кылмышка шектүү жаран Ош шаардык ички иштер башкармалыгына алынып келинип, КРнын Жазык-кодексинин 267-268-беренелерине ылайык (баңгизаттарын сатып өткөрүү максатында сактоо) сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Шектүү жарандын мурда үч ирет соттолгондугу аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий