• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токтогул ГЭСи техникалык реконструкциянын бир баскычынан өттү

Коом 0

Бишкек, 24.19.19. /Кабар/. Токтогул ГЭСи техникалык реконструкциянын бир баскычынан өттү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Электр станциялары" ААКсынын техникалык директору Таалайбек Бектенов билдирди.

Анын айтымында, Токтогул ГЭСинде 500 кВ ачык бөлүштүрүүчү жабдыктын модернизация иштери аяктаган.

"Ал Кыргызстандагы керектөөчүлөрдү электр энергия менен камсыз кылууну ишенимдүү кылат. Ал жабдык 1974-975-жылдардан бери иштетилип келет", - деди ал.

Ал белгилегендей, Токтогул ГЭСинде станция иштеп баштагандан бер кубаттуулугу 400 МВА 4 блок трансформатор (500 кВ) орнотулган.

Ал трансформаторлор алмаштырылгандан кийин трансформаторлордун кубаттуулугу арткан (425 МВА чейин). Трансформаторлор заманбап диагностика жана жабдыктын абалын көзөмөлдөө системалары менен жабдылган.

Пикир

Оставить комментарий