• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун биринчи фазасы жыйынтыкталды — фоторепортаж

Президент 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 18-октябрда, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасынын жыйынтыкталышына карата салтанаттуу иш-чарага катышты.

Өз сөзүндө Президент энергетиканын өлкөнүн бардык жашоо тармактарындагы өсүп жаткан ролун, бүт республика боюнча гидроэлектростанцияларды реконструкция жана модернизация кылуунун өзгөчө маанисин белгиледи. Токтогул ГЭСин реконструкциялоонун үч фазасы тең аяктаганда, ГЭСтин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга узара турганын баса бегиледи.

Ал ошондой эле Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө 100 млн. доллардан ашуун каражаттар үнөмдөлгөнүн белгиледи. Үнөмдөлгөн каражаттарды сметалык баасы 160 млн. долларды түзгөн Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоого жумшоо чечими кабыл алынды. Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү үчүн каралган суммага эки ГЭС — Токтогул жана Үч-Коргон ГЭСтери толук жаңыртылат.

Мамлекет башчысы коноктор китебинде жазуусун калтырды. Өлкөнүн энергетиктерин тармактын 85 жылдыгы менен куттуктап, мыктыларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Президент Токтогул ГЭСинин реконструкцияланган энергетикалык объектилерин, үстүнкү бьефин, машина залын карап чыгып, башкаруунун борбордук пультунун иштеши менен таанышып, долбоордун биринчи фазасынын жыйынтыгы менен тааныштырылды.

Ошондой эле Сооронбай Жээнбеков станцияны көрүп жатып, жумушчулардын эмгек шарттары менен таанышып, алар менен бирге тамактанды жана баарлашты.

Эске салсак, 2017-жылдын май айында Премьер-министр кезинде Сооронбай Жээнбеков Токтогул ГЭСин реабилитациялоо долбоорунун 1-фазасын ишке ашыруу боюнча жумуштардын башталышына расмий старт берген.

Ошол мезгилден тартып, 2017-2018-жж. ичинде Токтогул ГЭСинин бардык төрт энергоблогунда негизги электромеханикалык жабдыктары этабы менен алмаштырылды, атап айтканда: күч трансформаторлору, 500 киловольт кабелдик линиялары жана башка кошумча энергожабдыктар.

Дал ушул жабдыктар биринчи кезекте алмаштырууга муктаж эле, анткени акыркы жылдары иштен чыкканы көбөйүп, станциянын туруктуу иштешине коркунуч жаратып турган.

Пикир

Оставить комментарий