• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токтогул ГЭСин реаблитациялоого инвестициялык насыя берүү жөнүндөгү кошумча макулдашуу ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 19.07.19. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков «2019 жылдын 29-мартында Бишкек шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 31-июлундагы „Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. 2-фаза“ долбоорун каржылоо үчүн Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун каражаттарынан инвестициялык кредит берүү жөнүндө № 4 макулдашууга № 1 Кошумча макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 26-июнунда кабыл алынган.

Аталган Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Евразия өнүктүрүү банкына көрсөтүлгөн Кошумча макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылганы жөнүндө кабарлоого тийиш.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий