• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токтогул ГЭСинин IV агрегатын оңдоо үчүн жабдыктар 5 айдан бери кытай-казак чек арасында турат

Экономика 0

Бишкек, 07.06.21. /Кабар/. Токтогул ГЭСинин IV агрегатын оңдоо үчүн жабдыктар 5 айдан бери кытай-казак чек арасында кармалып турат. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР энергохолдинг башчысы Бакыт Сыдыков билдирди.

Ал Токтогул ГЭСинин төртүнчү агрегатын оңдоо менен General Electric башкы подрядчик алектенерин билдирди.

“5 айдан бери жабдыктар Хоргостогу кытай-кыргыз чек арасынан өтө албай турат. Эгер 10 күндүн аралыгында жабдык чек арадан өтпөсө жана оңдоо иштери башталбаса, анда оңдоо иштери кышка чейин бүтпөй калуу коркунучу бар”,-деди ал.

Сыдыков жабдыктарды жеткирүү жоопкерчилиги подрядчикке жүктөлгөн деп түшүндүрдү.

“Бизге марттын башында билдиришкен. Тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Буга чейин Кытай элчиси Ду Дэвэн менен бир нече жолу жолугушканбыз”,-деген ал кечиктирүүнүн себеби General Electric тарабынан туура эмес логистика болгонун кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий