• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токтогул: Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө лизингге комбайн алынып келди

Аймак 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө "Айыл Банк" ААКнын лизингдик каржылоосу менен Кытай өндүрүшүнөн чыгарылган "LOVOL" үлгүсүндөгү комбайн 4,5 млн сомго алынып келди. Бул тууралуу Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, комбайнды Токтогул районунун акими Таалайбек Жайылов дыйкандарга тапшырды.

Белгилей кетсек, быйыл Токтогул районунда 1500 гектардан ашык кылкандуу дан эгиндери өстүрүлүп, учурда оруп-жыйноо жумуштары кызуу жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий