• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токтогул районунда "COVID илдетин эмдөө менен жеңебиз!" урааны менен жөө жүрүштөр өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда "COVID илдетин эмдөө менен жеңебиз!" урааны менен жөө жүрүштөр өтүүдө. Бул тууралуу Токтогул райондук мамлекеттик адинистрациясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жөө жүрүшкө медицина кызматкерлери, айылдык ден соолук комитеттеринин жана айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери катышууда. Мындай иш-чара бүгүн Токтогул шаарында да өткөрүлдү.

“Өзүңүздөрдүн жана жакындарыңыздардын ден соолугунун коопсуздугу үчүн коронавирус илдетине каршы эмдөөдөн өтүңүз!” - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий