• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Токтогул районунда эркек киши сууга чөгүп кетти

Кырсык 0

Бишкек, 10.03.21. /Кабар/. Токтогул районунда эркек киши сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 8-март күнү саат 23:00 чамасында Жалал-Абад облусундагы Токтогул районунун Терек-Суу айылында 30 жаштагы эркек киши Узун-Акмат суусуна түшүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден 12 куткаруучу жана ИИМден 2 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 17 адам тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу издөө иштери саат 19:15те убактылуу токтотулду.

Издөө бүгүн, 10-март күнү улантылат.

Пикир

Оставить комментарий