• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токтогул районунда турак үйлөрдүн короолорун сел суулары каптады

Аймак 0

Бишкек, 11.06.20. /Кабар/. Токтогул районунда турак үйлөрдүн короолорун сел суулары каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Үч-Терек айыл аймагында 2020-жылдын 10-июнь күнү саат 05:30 чамасында катуу жааган жаандын кесепетинен Саргата айылында 10 турак үйдүн сарайларын, короолорун жана ички чарбалык унаа жолдун 1 чакырымын сел суулары каптаган.

10-июнь күнү райондук Жарандык коргонуу комиссиясы жана жергиликтүү тургундар тарабынан турак үйлөрдүн короолорун тазалоо иш-чаралары жүргүзүлүп, толук тазалап аякташкан. Ал эми ички чарбалык жолду тазалоо иш-чаралары бүгүн, 11-июнда башталат.

Пикир

Оставить комментарий