• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токтогул районунда жол кырсыгы катталып, унаа оодарылып калды

Кырсык 0

Бишкек, 17.07.18. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кечээ саат болжол менен 16:50дө Бишкек-Ош унаа жолунун 235-чакырымында “Хонда Одиссей” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Жабыркагандар тез жардам кызматы тарабынан Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий