• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токтогул районундагы жол кырсыгында 2 адам каза болуп, 5 адам жабыркады

Кырсык 0

Бишкек, 12.03.21. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы жол кырсыгында 2 адам каза болуп, 5 адам жабыркады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Малыматка ылайык, 11-март күнү саат 15:40 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 250-чакырымында (Пельменный тилкеси) “Тоyota Windom” жана “Toyota Previa” үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 2 эркек киши каза болуп (1948-жылы туулган, 1988-жылы туулган), 5 адам (3 эркек 1958-жылы туулган, 1975-жылы туулган, 1988-жылы туулган, 2 аял 1950-жылы туулган, 1957-жылы туулган) ар кандай жаракаттарды алып, Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

КР ӨКМдин куткаруучулары каза болгон адамдардын сөөктөрүн унаадан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Пикир

Оставить комментарий