• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токтогул районунун Ничке-Сай айыл аймагында сел жүрүп, бир нече турак үйдү суу каптады

Аймак 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Токтогул районунун (Жалал-Абад облусу) Ничке-Сай айыл аймагынын Кутунай тилкесинде бүгүн болжол менен саат 20:20да катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, бир нече турак үйдү суу каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Кутунай тилкесинин Жүдөмүшев көчөсүндө жайгашкан 4 турак үйдүн ичин, 2 сарайды жана 15 турак үйдүн бакчасын суу каптаган.

“Жерине тактоо иштерин жүргүзүү үчүн райондук ыкчам топ жана Жарандык коргонуу комиссиясы тартылган. Кошумча маалымат берилет”, - деп билдиришти министрликтен.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызгидромет туруксуз аба-ырайы тууралуу шашылыш билдирүү таратып, жаан-чачынга байланыштуу айрым аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий