• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токтогул районунун жана Таш-Көмүр шаарынын интеллигенция өкүлдөрү Сооронбай Жээнбековду колдошту

Шайлоо 2017 0

Бишкек, 13.09.17 /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Таш-Көмүр шаарынын интеллигенция өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер Сооронбай Жээнбековду колдоп чыгышты.

Токтогул районунун мектебинде көп жылдан бери иштеп келе жаткан мугалим Нарынкан Термечикова Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин колдой тургандыгын белгиледи. Анын ою боюнча, С.Жээнбеков карапайым адамдар менен көптөгөн жылдар бою иштешип келе жатат, мамлекеттик башкарууда да көп жылдык тажрыйбасы бар. Ал жөнөкөй адамдардын каалоо-тилегин, көйгөйлөрүн, анын ичинде мугалимдердин маселелерин жакшы билет.

“Сооронбай Шариповичтин мол турмуштук тажрыйбасы бар. Ал элге эмне керек экендигин жана буга кандайча жетишүү керектигин мыкты билет. Ал кайсы жерде иштебесин, кандай кызматты аркалабасын, дайыма аз сүйлөп, көп иштеген адам”, - деди Нарынкан Термечикова.

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген мугалими, Таш-Көмүр шаарынын Орус тили борборунун жетекчиси Валентина Анатольевна Лукина Сооронбай Жээнбековго борбордун тең төрагасынын күбөлүгүн тапшырды.

«Президенттикке талапкерлер толгон-токой убадаларды берип, элдин башын айлантып жаткандыгын көрүп турабыз. Менин кеңешим – кооз сөздөр үчүн эмес, реалдуу иштер үчүн добуш бергиле. Биздин ушундай талапкерибиз бар, анын ишинин натыйжасын премьер-министр болуп иштеген учурунда айкын көрө алдык. Сооронбай Жээнбеков - сөзү менен иши айкалышкан иштерман адам экенин далилдей алган талапкер”, - деди Валентина Лукина.

  • Даярдоочу: КУМА “Кабар”
  • Дарек: Бишкек, Абдрахманов к., 175
  • КР Президенттин кызмат ордуна талапкер С.Ш.Жээнбековдун шайлоо фондунан каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Сатыгул кызы Надира тарабынан буюртма берилди жана төлөндү.
  • Нускасы 1 даана. Чыгарылган күнү: 13.09.2017 ж.

Пикир

Оставить комментарий