• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токтогул районунун Жетиген айылына кичи футбол аянтчасы курулууда

Аймак 0

Бишкек, 01.02.22. /Кабар/. Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районунун Жетиген айылына кичи футбол аянтчасы курулууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, курулуштун сметалык баасы 2 млн 555 миң сомду түзөт, фонд 1 млн 887 миң сом бөлдү.

"Үч-Терек айыл өкмөтүнүн салымы 178 миң сом. Облустук фонд бүгүнкү күндө 1 миллион 200 миң сом которду. Тендерден уткан ишкана жумуштун 60 пайызын аткарды. Иштин жүрүшүнө Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун атайын тобу мониторинг жүргүздү. Кичи футбол аянтчасы жаз айларында бүткөрүлмөй болду. Аба ырайына байланыштуу жумушту аяктоо мөөнөтү жылдырылды", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий