• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токтогул суу сактагычы жогорку чекке чейин толду

Коом 0

БИШКЕК, 18.08.17. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү эң жогорку чекке жетип, 19,5 миллиард куб метрди түздү. Акыркы жолу суу сактагычтагы суу мындай деңгээлге 2010-2011-жылдын күз-кыш мезгилинде көтөрүлгөн.

«Электр станциялар» ишканасынан "Азаттыкка" билдиришкендей, мындай абал жай мезгилиндеги суунун көп болушу менен түшүндүрүлүүдө. Бирок аба ырайынын салкындашына байланыштуу суу азыраак келип, мындан ары суу сактагычтагы суунун көтөрүлүүсү күтүлбөйт.

"Мында коркунучтуу эч нерсе жок. Бул кадимки эле абал. Суу сактагычка суунун келиши менен катар чыгып да жатат. Суу сактагыч менен ГЭС ушундай иштөө режимине ылайыкташтырылып долбоорлонгон", - деп билдирди ишкананын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева.

Токтогул ГЭСи пайдаланууга 1975-жылы берилген. Ал 1200 мегаватт электр энергиясын иштеп чыга алат жана кубаттуулугу жагынан Борбор Азияда экинчи орунда турат.

2017-жылы майда өкмөт ГЭСти реконструкциялоо жана модернизациялоо иштерин баштаган. Токтогул ГЭСин толук оңдоодон өткөрүү долбоору үч фазадан турат. Жыйынтыгында ГЭСтин иштөө мөөнөтү 35-40 жылга чейин узарып, кубаттуулугу 240 мегаваттка көбөйөт деп күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий