• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токтогул суу сактагычына куйган ири дарыяларга балыктар кое берилди

Аймак 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги балыктын генофондун сактоого багытталган долбоорду ишке киргизди.

Министрликтин маалыматына ылайык, долбоордун алкагында Жалал-Абад облусундагы Токтогул суу сактагычына куйган Токтогул, Торкент, Чычкан жана Узун Акмат дарыяларына балыктын эки түрү кое берилди. Алсак, осетр балыгынан 27 миң даана жана лосось балыгынан 90 миң даанасы сууга бошотулду.

“Осетр жана лосось балыктарынын популяциясынын көбөйүшү өзгөчө социалдык жана экологиялык перспективага ээ. Жоголуп бара жаткан түрлөрдүн биологиялык ар түрдүүлүгүн калыбына келтирүүдө абдан пайдалуу процесс болуп саналат”, - деп айтылат маалыматта.

Күтүлүүчү жыйынтыктар: Токтогул суу сактагычында өзгөчө социалдык жана экологиялык перспективага ээ болгон осетр жана лосось балыктарынын популяциясынын көбөйүшүн камсыздоо жана жоголуп бара жаткан биоартүрдүүлүктү калыбына келтирүүдө экономикалык жактан абдан натыйжалуу процесс.

Пикир

Оставить комментарий