• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токтогул суу сактагычына сууну толтуруу үчүн Бишкек ЖЭБи күчөтүлгөн режимде иштөөдө

Коом 0

Бишкек, 14.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү мурдагы жылдарга караганда салыштырмалуу 2,9 млрд кубга аз. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди.

Анын айтымында, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүн сактоо үчүн Бишкектеги жылуулук электр борборуна (ЖЭБ) басым жасалууда.

“Бүгүнкү күндө ЖЭБде болжол менен 1,3 млрд кВт саат электр энергия өндүрүлдү. Ал былтыркы жылга караганда 20-30 пайызга көп. Ошондой эле Түркмөнстан менен 500 млн кВт саат электр энергия боюнча келишим бар. Ал Өзбекстан аркылуу келүүдө. Мындан сырткары, буга чейин айтылгандай, Казакстан жана Өзбекстан менен дагы келишим бар”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий