• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулаган адамдар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. Кечээ, 9-октябрда Токтогул суу сактагычынын акваториясында жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө мыйзамсыз балык уулоо менен алектенген 2 браконьер кайыгы менен кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жаратылышты коргоо мыйзамдарын бузгандардан балык коруна зыян келтирген 1200 метрден ашык мыйзамсыз синтетикалык балык уулоо торлору алынып, жок кылынды.

Министрликтин өкүлдөрү жеринде акт түзүп, материалдар тиешелүү укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий