• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылга караганда 3 млрд кубга аз

Экономика 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. 2021-жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылга караганда 3 млрд кубга аз. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев билдирди.

Анын айтымында, акыркы 3-4 жылда кургакчылык болууда.

“Учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12,5 млрд кубду түзөт. Негизи кышкы жылытуу мезгилинде 6-7 млрд куб суу иштелип агызылат. Апрель айында кооптуу деңгээлге келип калышыбыз мүмкүн”, - дейт ал.

Пикир

Оставить комментарий