• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токтогул суу сактагычында өзгөчө ири өлчөмдө балык өстүрүү ишке ашырылууда

Аймак 0

Бишкек, 01.10.22. /Кабар/. Токтогул суу сактагычында өзгөчө ири өлчөмдө балык өстүрүү ишке ашырылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маылматка ылайык, 2022-жылы Токтогул балык чарба мамлекеттик ишканасы "Максимум Фиш" жана "Токтогул балыгы" ЖЧКлары менен биргеликте Токтогул ГЭСинин суу сактагычында өзгөчө ири өлчөмдө балык өстүрүү боюнча иштерди толугу менен жүргүзүүдө.

"Азыркы учурда кубаттуулугу 150 тонна балык өстүрүүгө ылайыкталган капастары орнотулуп, балык өстүрүлүп жатат. Мындан тышкары, дагы 550 тонна балык өстүрүүгө мүмкүнчүлүк берген балык капастарынын тетиктери Россиядан алынып келинди", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жогоруда аталган ишканалар тарабынан инфраструктураны жакшыртуу боюнча дагы иштери жүргүзүлүп жатат. Чоң-Арык айылынын Жаңы-Арык айылына чейин узундугу 15 чакырым жолунун оңдоп-түзөө иштери аткарылды. Тагыраак айта кетсек, 100 машина кум-шагыл төгүлүп, сугат суусунун арыктары өткөн жерге асбест материалынан жасалган жогорку сапаттагы трубалар орнотулуп, грейдер менен түзөө иштери жүргүзүлдү. Бул иштерге жогорудагы аталган ишканалар тарабынан жалпысы 500 миң сомдук каражат жумшалды.

"Максимум Фиш" ишканасы демөөрчүлүк ирээтинде А.Бердалиев атындагы №39 кесиптик лицейинин жатаканаларын капиталдык ремонттон өткөрүп, оңдоо иштери жүргүзүлүп, азыркы учурда эмеректерин тапшырык менен жасатып жаткандыгын билдиребиз. "Максимум Фиш" жана "Токтогул балыгы" жоопкерчилиги чектелген коомдору тарабынан жалпысы 700 миң сомдук жумуштар аткарылууда.

"Мындан тышкары, "Максимум Фиш" ишканасы тарабынан Токтогул районунун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш-аракеттери пландаштырылып, жакынкы арада ишке ашырыла тургандыгын билдиребиз.

Жалпы 10 садок орнотулуп, 3 садокто 90 миң форель балыгы багылууда. Балыктын бүгүнкү күндөгү салмагы бир балык 700-800 грамм. Ошондой эле быйыл Токтогул суу сактагычына 4 миллион Толстолобик былыгынын чабактары коё берилди", - деп билдирди Айыл чарба министрлигинен.

Пикир

Оставить комментарий