• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 358 млн куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Бүгүн, 18-январда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 358 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 160 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 644 куб метрге жетүүдө.

Пикир

Оставить комментарий