• 84.79
  • 95.75
  • 1.15

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 895 млн куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 06.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 6-августта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 млрд 895 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 503 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 425 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.

Пикир

Оставить комментарий