• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 303 млн куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. Бүгүн, 1-октябрда Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд 303 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 282 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 256 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот.

Пикир

Оставить комментарий