• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд 415 млн кубметрди түздү

Экономика 0

Бишкек, 05.02.20. /Кабар/. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 5-февралга карата 13 млрд 415 млн кубметрди түздү. Бул тууралуу 2019/2020-жылдын күз-кыш мезгилине даярдануу боюнча республикалык штабдын жыйынында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылдын ушул мезгили менен салыштырганда 1,99 млрд кубметрге аз.

“Бул суунун азаюу мезгили келгендигин билдирет. Жалпысынан биз кышкы жылытуу мезгили ийгиликтүү өтүүдө деп баалоодобуз”, - деди Боронов.

Пикир

Оставить комментарий