• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 725 млн куб метрди түздү

Коом 0

Бишкек, 27.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 27-августта Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 14 млрд 725 млн куб метрди түзөт. Бул тууралуу “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 497 куб метрди түзсө, агып чыккан суунун көлөмү 296 куб метрге жетүүдө.

Белгилей кетсек, суу сактагыч Нарын дарыясынын жогорку агымындагы мөңгүлөрдүн эриген көлөмүнө жараша толот. Активдүү мезгили болуп май айынан сентябрдын ортосуна чейинки убакыт эсептелет.

Пикир

Оставить комментарий